Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин жыйынында өлкө дары-дармектер менен канча камсыз болуп жатканы жана аларга болгон баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканы талкууланды.
КР Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинде Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору Нурдин Кагазбаев билдиргендей, учурда өлкөдө дары-дармек тартыштыгы жок.
«Бүгүн жеткирүүчүлөр 2-3 айга керектүү дары-дармек менен камсыз болушкан. Ошондой эле биз Маанилүү дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесинин долбоорун иштеп чыктык жана бекитүүгө киргиздик, анын алкагында дары-дармектерди тикелей жеткирүү жүзөгө ашырылат. Бирок доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу дарылардын баасы көтөрүлүшү мүмкүн», — деди ал.
Муну менен катар бөлүм башчы дары-дармектердин кымбатташына жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. «Жакынкы 5 ай ичинде бааларды жөнгө салууну киргизүү пландалууда. Бул КРда мамлекеттик дарыканалардын жоктугуна байланыштуу. Эгерде фармацевтикалык ишканаларга дарыларды ташып келүү рентабелдүү эмес болсо, анда алар дарыларды берүүнү токтотот», — деп кошумчалады Кагаздиев.
Өз кезегинде КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев белгилегендей, Кыргызстанга Украинадан жасалган дары-дармектер 5%, ал эми Россиядан 16% келет.
«Мындан тышкары, 2021-жылы республикалык бюджеттен жашоого керектүү жана тартыш болгон дары-дармектерди сатып алууга кошумча 1 млрд сом бөлүнгөн. Учурда 2022-жылдын 1-2-кварталына сатып алуу боюнча тендер өткөрүлдү, дарылар 2-3 айлык маржа менен жеткиликтүү», — деди ал.
Мындан тышкары, жетекчинин орун басары турмуштук маанилүү жана тартыш дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн түз сатып алуу менен алектене турган мамлекеттик мекеме же уюм түзүү керектигин түшүндүрдү.